Көчмөндөр оюндары: күлүктү күлүк кылган саяпкер
Новость KTRK/videograp

Көчмөндөр оюндарына даярдыктар жүрүп жатат. Көчмөндөр оюндары жөн гана таймаш эмес, ал - улуттук оюндардын түрлөрүн пропагандалоо, жана улуттук салт-санаага, маданиятка коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.

Ат оюндары - көчмөн маданиятынын башкы элементтеринен. Көчмөн элди жылкы баласысыз элестетүү да мүмкүн эмес. Ошондуктан кыргыздар “Ат-адамдын канаты” дейт. Ал эми ат оюндары көчмөндөрдө муундан-муунга өтүп келгени маалым. Даулет 13 жылдан бери ат жалында. Бул убакыт аралыгында өзү таптаган аргымактары менен далай ийгиликтерди багындырып, нечен ирет утушту имерип, 40 темир тулпар уткан. Жорголорду жаш баладай эле караган чабандес таптаган аттарынын ар бир кыймылын сезип, алардын кабак-кашына карап мамиле кылат.

POST1RIGHT
Азыр аш-тойлор ат оюндарысыз өтпөйт. Мындан улам, аргымак бизнеси баралына келип турган чак. Акчалуу айыл башчысанан тарта, аттуу-баштуу атка минерлерге чейин күлүк, жорго кармайт. Албетте, аламан байгеге түшчүлөрдү чабандестерге таптатат. Ат чабыштан байгени имерсе, андан түшкөн олжону кожоюн менен саяпкер бөл үп алат. Ошондуктан, аргымак акылдуу чыкса, кожоюндун ырыскысы деп коёт.

Анан да аламан, жорго салыш, ат чабышка түшчү күлүктөрдү дасыккан чабандестер алыстан эле тааныйт. Аны тандоодо ар бир мүчөсүнө көңүл буралат. Алардын табын бузуп албас үчүн күнүмдүк оокатка колдонулбайт. Таптоо маалында аттын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, акырындык менен тилин таап чабышка даярдайт.

MEDIA1LEFT Оюндарга түшчү чабандестер атка жеңил, тайга чак болуш керек. Анткени күлүк жеңил чуркашы шарт. Ат ээсине үйүр алып калганда,башкага оңойу менен баш бербейт. Ошон үчүн саяпкерлер көчмөндөр оюнуна чейин чабандестер менен аттар бири-бирине көнсүн деп атайын бакыт бөлдү.

Ошондой эле ат чабыш, жорго салыш жана аламанга түшчү аттардын ээр-токумуна дагы көңүл буруу шарт. Бул үчун чабандестер менен саяпкерлер ээрди жасоонун ыгын билген усталарга гана кайрылат.

POST2RIGHT
Василий 18 жылдан бери оюнга түшчү аттарга ээр жасайт. Аттын да,чабандестин да тилин таап, кулк-мүнөзүн өздөштүргөн саяпкердин кеңеши менен ээр-токум жасалат. Анткени ээр оюнга түшкөн чабандеске да, атка да ыңгайлуу болушу керек. Василий башында чакан бөлмөдө жалгыз эле жасачу. Чабылчу аттарга ээр жасоонун сырын жакшы өздөштүрүп алгандыктан, кардары да көбөйдү. Мындан улам, чакан бөлмө чоң устаканага айланды. Азыр беш киши иштейт. 

Бири үзөңгү, чылбырын жасаса, башкасы аларга оймо түшүрөт. Анан да ээр-токум териден жасалат. Ат жалында жүрүп, атак-даңк тапкан кыргыз чабандестери четтен чыгат. Алар үчүн күлүк жашоонун маңызына айланган. Учурда күздө өтчү көчмөндөр оюнуна ат чабыш, жорго салыш, аламанга түшчү аргымактар тапталып, чабандестер болсо ат жалында кызуу машыгууда.