Кыргызстандык спортчу Розалия Тилегенова кыз-келиндер күрөшүндө Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеште жеңилип калды. Бул тууралуу таймаштардын расмий сайты жазып чыкты. Мелдеш Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жатат. Жобого ылайык, Олимпиадага жолдомо алуу үчүн финалга чыгуу зарыл болчу. Бирок Тилегенова алгачкы кармашында венгриялык Рамоне Галамбоско утулуп, 18-орунду камсыздады.
Эске салсак, кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадага жалгыз жолдомону Айсулуу Тыныбекова алган.