Олимпиада оюндарына даярдык
Новость KTRK/videograp

Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын спортчулары кызуу даярдык көрүүдө. Учурда Жети-Өгүз районунун Тамга айылында Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Алжирден келген спортчулар менен биргелешип машыгууда.

POST1RIGHT

Башкы машыктыруучулардын айтымында, мындай даярдык жакшы натыйжаларды берет. Учурда жалпысынан 206 мамлекеттин спортчулары даярданууда.

Эскерте кетсек, Олимпиадалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилияда өтөт. Анда спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандык спортчулар Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн жалпысынан 12 лицензияны утууну пландаштырууда.