Кыргыз футболчулары дүйнөнүн мыкты 100 командасынын катарын толуктады
Новость ffkr.kg

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамы Эл аралык футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты 100 командасынын катарын толуктады. 

Өткөн айдагы рейтингде 105-орунду ээлеген команданын 5 орун алдыга жылуусуна дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстандын командасын утканы себеп болду. 

POST1RIGHT

Кыргыз футболчулары 340 упай менен дүйнөнүн 209 командасынын ичинен 100-орунду ээлеп турат. Бул көрсөткүч кыргыз футболунун тарыхындагы эң чоң ийгилик. ФИФАнын кийинки рейтинги 5-майда аныкталат. 

Белгилей кетсек, өлкөбүздүн футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпиондугунун кийинки тандоо туруна чыга алган жок. Бирок команда 2019-жылкы Азия чемпиондугуна чыгуу үчүн тандоо турунун кийинки баскычына катышууга жолдомо