Бильярд боюнча дүйнө чемпионатында Мадаминов жарым финага чыкты
Новость www.likado.ru

Мекендешибиз Азиз Мадаминов Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-мартта ¼ финалдык оюндар өткөн. Бул мелдеште Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов туш келип, 6:2 эсебинде бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Лепшаковду утуп алды. Ал эми финалга чыгуу үчүн Мадаминов бүгүн өзбекистандык спортчу Александр Сидоровго каршы оюн өткөрөт.