Чемпиондор лигасынын катышуучуларынын саны 32 командадан 16 командага чейин азайтылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик The Telegraph басылмасы жазып чыкты. Мындай кыскартуу 2018-19-жылы кириши ыктымал.
Маалыматка ылайык, мындай сунуш Испания, Германия жана Италия клубтарынан түшкөн. Алардын айтуусунда, күйөрмандардын кызыгуусун арттырбаган беттештер көбөйүп кеткен. Демек, сапатсыз командалардын санын азайтуу зарыл.
Алар сунуштаган жобого ылайык, буга чейин 8 тайпада 4ттөн команда ат салышса, эми 2 тайпада 8 клубтун оюнчулары ойноп калышы мүмкүн. Азырынча бул сунуш УЕФА уюму тарабынан каралып жатат.