Новость

Баш калаада 26-28-декабрь аралыгында снукер боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, мелдешке  23 кий чебери катышып, өз ара күчтөрүн сынашты. Жарым финалдык оюндарда Калыс Сагыналиев Арсен Каленбаевди 4:1 эсеп катыштыгында утса, экинчи жарым финалда Каримберди уулу Мухаммед атаандашы болгон Дүйнө чемпиону Дастан Лепшаковду утуп ийгилик жаратты.

Ал эми таймаштын финалдык бөлүгүндө Мухаммед Каримберди уулу атаандашы Калыс Сагыналиевди 5:1 де утуп, өлкө чемпиону аталды.