Футбол боюнча Кыргызстан-Тажикстан курамалары 29-мартта Душанбе шаарында беттешет. Оюнга карата кыргыз футболчуларынын 23ү иргелип алынды. Маалыма кыла кетсек, бул беттеш Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтөт.
Курамдын тизмеси:
Дарбазачылар: Павел Матяш ("УиТМ" футболдук клубу, Малайзия), Руслан Амиров ("Алга"), Валерий Кашуба ("Дордой").
Коргоочулар:
Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Тамирлан Козубаев ("Ягодина", Сербия), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Виктор Майер ("Меппен", Германия), Курсан Шератов, Шерзот Шакиров, Дениэл Тего (баары "Дордой"), Турсунали Рустамов ("Алай")
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Академия", Молдова), Эдгар Бернхардт ("Аль-Оруба", Оман), Ахлидин Исраилов ("Динамо-2", Украина), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"), Павел Сидоренко ("Алга"), Мирлан Мурзаев ("Афжет Афьонспор", Түркия)
Чабуулчулар:
Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Дэвид Тэтте ("Дордой").