Кыргызстандык Саида Жээнбаева "Al Ansari Exchange — Winter Promotion – 2017" конкурсунун баш байгесин утуп алды. Сынак Бириккен Араб Эмирлигиндеги эл аралык валюта биржасы менен "Al Ansari Exchange" акча которуу компаниясы тарабынан өткөрүлгөн.
Кыргызстандын тургуну 400 долларды компаниянын филиалынан алмаштыргандан кийин конкурстун катышуучусу болуп калган. Сынактын жеңүүчүлөрү жакында эле Дубайда жарыяланып, Жээнбаева баш байгени жеңип алганы маалым болду. Башкы белек - "кыялдагы үй".
Жарыштын эрежеси боюнча жеңүүчүгө 500 000 дирхам (же 136 000 доллар) берилип, ага өзүнүн кыялындагы үйдү сатып алса болот. "Кубанганымды сөз менен жеткире албайм. Башында утканыма такыр ишенген жокмун. Эми туулган жеримде кыялымдагы үйдү сатып алууга мүмкүнчүлүк бар", — деди Жээнбаева. Ошондой эле конкурста бир килограмм алтын ойнотулуп, аны индиялык Кулдип Сингх утуп алды.