Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек-Нарын багытындагы учак Нарын районунун Кеңеш айылындагы "Нарын" аэропортуна ийгиликтүү конду.
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Нарын бөлүмүнүн башчысы Адилет Жусупов Asman Airlines компаниясынын Бишкек-Нарын багыты боюнча биринчи рейси ийгиликтүү ишке ашканын билдирип, аны менен 53 жүргүнчү келгенин кошумчалады. Ошондой эле учак кайра 55 жүргүнчү менен Бишкекке учту. Алардын арасында журналисттер менен богерлер дагы бар.
Учак жумасына бир ирет, тагыраагы ар бейшемби күнү каттап турат. Билет баасы 2 миң 100 сом. Билетти Asman Airlines компаниясынын атайын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот. 5 жашка чейинки балдар үчүн 10 орун бекер, 6 жаштан 12 жашка чейинкилерге жеңилдиктер каралган.
Буга чейин 9-августта аба майдан реконструкциядан кийинки алгачкы техникалык учууну кабыл алган.
"Нарын" аэропортун жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүүдөгү стратегиянын бир бөлүгү. Аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө.
Совет мезгилинде алыскы аймактар үчүн негизги транспорттук түйүн болгон “Нарын” аэропортунун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.