Чаткал токой чарбасынын башчысы “Алтын Белги” ЖЧКсынын директорунан 5 млн. сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Токой чарбанын башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча "Алтын Белги" ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.
Ал УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү улантууда.