Көк бөрү: “Бакай-Ата” командасы “Биримдикти” жеңди
Новость

Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата өтүп жаткан Көк бөрү оюндары уланууда.

Күндүн экинчи оюнунда “Бакай-Ата” менен “Биримдик” командасы беттешти.

Биринчи жана экинчи таймашта “Бакай-Ата” командасы “Биримдикти” 4:1 эсебинде жеңип, беттештин соңунда “Бакай-ата” “Биримдик” командасын 5:2 эсеп менен жеңди.

Эми биринчи лиганын финалына Таластын “Бакай-Ата” менен “Айтматов” командалары кез келет. Ал эми 3-орун үчүн Чүйдүн “Жаш-Тилек” жана “Биримдик” ат салышат.