Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Новость

11-мартта сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Саамалык баш калаадагы Family sport аталышындагы спорт комплексинде өтөт. Мелдешке Кыргызстандын аймактарынан келген суучулдар катышат.  Таймаштын башкы максаты, сууда сүзүү спортун кеңири жайылтуу жана жаштарды дени сак жашоого үндөө болуп саналат.