Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу боюнча чечим кабыл алды.
Аталган долбоорго байланыштуу өткөрүлгөн сынакта “Стилсофт Бишкек” компаниясы жеңишке ээ болуп, бирок соттошуулар менен коштолгон эле. “Коопсуз шаардын” үлгүсү катары 1-марттан бери Сокулук районунда видеобайкоо комплекси иштеп жатат. Ал ар күн сайын 2 миңден ашуун жол эрежесин бузгандарды каттоодо.