Тышкы иштер министрлиги быйылкы жылдын 10-сентябрына чейин Орусияда жүргөн кыргыз жарандары укуктук абалын жөнгө салуусу зарыл экенин эскертүүдө. Өткөн айдын аягындагы соңку маалыматтар боюнча, 10 миңге чукул мекендешибиз укуктук абалын жөнгө салган. Ошол эле учурда Орусияда чыгаруу режими жана көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине 91 миң жараныбыз кирген.
Орусия Кыргызстандан барган эмгек мигранттарын кабыл алган эң ири өлкөлөрдүн бири. Мекендештердин көбү тейлөө кызматтарында, соода сатык, курулуш тармагында эмгектенет. Орусия Федерациясынын аймагында миграциялык каттоодон өткөн мекендештерибиздин саны азыр 352 миңге чукул. Ошол эле учурда алар түзгөн эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин саны 680 миңди түзгөн. Мындай айырма бир адам бир нече эмгек же жарандык-укуктук келишим түзө алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындан тышкары, келишим түзгөн айрым жарандар иш жүзүндө Кыргызстанда болуп, аралыктан иштеши мүмкүн.
Былтыр Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелерди шарттаган мыйзам күчүнө кирген. Кабыл алынган мыйзамдык чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү. Алардын арасында чет өлкөлүк жарандардын Орусияда убактылуу болуу мөөнөтү 180 суткадан 90го кыскарды. Орусия Федерациясында чыгаруу режими жана көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестри киргизилди. Азыр ага 91 миң жараныбыз кирген. Алар эми бул өлкөнүн аймагынан чыгарылышы ыктымал.
Орусиядагы укуктук абалын жөнгө салуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга алгач быйылкы 1-январдан 30-апрелге чейин мөөнөт берилсе, кийинчерээк ал 10-сентябрына чейин узартылган.
Эми өзүнүн укуктук статусун белгиленген мөөнөттө жөнгө салбаган чет элдик жарандарга карата өлкөдөн чыгаруу жана келечекте Орусияга кирүүгө тыюу салуу чаралары колдонулат.