Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берди. Ошондой эле өлкө башчысы тышкы саясат тууралуу дагы актуалдуу суроолорго жооп берди.
- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич салтка айланып калгандай коомчулуктагы актуалдуу болуп турган маселелер боюнча сиздин пикирди билели деп байланышып жатабыз. Учурда "снос" сөзү күнүмдүк тиричиликте эң көп колдонулууда. Бул сөз айрыкча Ош жана Бишкек шаарларында эң көп жаңырууда. Акыркы күндөрү коомчулуктун көңүлү Бишкектин Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз делген чарбалык курулуштардын буздурулушунда болду. Эми үйлөр да бузулабы?
2021-жылдан кийин үй салып алгандардын тагдыры кандай болот? Анткени, айрымдары жер саткандарга алданганын айтса, айрымдары жылдап тапкан каражатын курулушка салганын айтышууда. Үйлөр салынып калгыча жергиликтүү бийлик каякты карап отурду, алар да аралашса керек дегендер бар.
Эми үй салып алгандарга мамлекет тараптан альтернативдүү сунуштар болушу мүмкүнбү? Негизи эле өлкө боюнча "снос" маселесинде сиздин көз караш кандай?
- Саламатчылык. Мен 2020-жылы өлкө башына келген кезде жерлерди мыйзамсыз басып алып, үйлөрдү салып алган жарандарыбыздын көйгөйлөрү менен иш баштагам. 2005-жылкы ыңкылаптан бери жерлерди өзүм билемдик менен басып алышып үйлөрдү салып алып жашап жаткан жарандарыбыз он миңдеген түтүн экен. Айыл-айыл болуп кетишиптир. Көбүн эсе Ош менен Бишкек шаарларынын тегереги экен. Колдорунда кызыл китептери жок. Жашап жаткан даректери боюнча каттала алышпайт. Балдарын мектепке же бала бакчага бере алышпайт. Шайлоолорго катыша алышпайт. Деги койчу, иши кылса адам катарына кошула албай жүрүшкөнүн айтып, даттанып келип жүрүштү. Анан иликтеп көрүп мындай чечим чыгардым: "2021-жылга чейин үй салып алып жашап келген жарандарыбыздын үйлөрүн мыйзамдаштырып берели, мындан ары жер басып алып үй салгандардын эч кимисине эч кандай "уступка болбойт" деп мунапыс жарыяладым. Ошентип, 15 жылдан бери айыл-айыл болуп жашап жаткандардын үйлөрүн мыйзамдаштырып бердик.
Андан кийин эмне болду дебейсизби? Өзүңүз суроо бергендей жергиликтүү бийликтегилерге да, алар менен чогуу иш кылган шылуундарга да кудай берди. Жергиликтүү бийлик бош жаткан жерлерди мурда берилип кеткен кылып үйлөрдү салганга шарт түзүп беришти. Албетте, чөнтөк кызыкчылыктары үчүн. Шылуундар болсо жасалма документ менен карапайым элди алдап сатып ийген фактылар аныкталды.
Кийин баары кармалып, камалышты. Мисалы Аламүдүн районунун акими жана башка орто чиновниктер, шылуундар камалышты. Мындай мисалдар көп. Анан "шустрый" жарандарыбыз пайдубалын куюп, айрымдары дубалын көтөрүп, алды чатырын жаба салышып, мен мурда эле кургам деген шылтоо менен "акыры мыйзамдаштырып берет да" деген максат менен ар кандай курулуштарды кура салгандар көп. Албетте, арасында чынчыл жарандарыбыз да болушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүгү 2021-жылдан кийин үй же болбосо ар кайсы багыттагы күркөлөрдү сала калгандар.
Эгер биз алардын баарын мыйзамдаштыра берсек, анда көндүм адат болуп бара-бара айдоо жерлерибиз калбай калат.
Өзүбүздү өзүбүз тамак-аш менен камсыз кыла албай башка өлкөлөрдүн көзүн карап калабыз. Ансыз деле бүгүнкү күндө айрым тамак-аштын түрлөрү боюнча өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла албайбыз.
Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жараныбызга кайрылат элем. Айдоо жерлерибизди басып алып, ар кандай курулуштарды салганды токтотуңуздар. Айрымдарыңыздарда турак жай маселеси курч тургандыгынан кабарым бар. Ошол үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын шарттарын болушунча ийкемдүү кылуудабыз.
Үй салчу жерлерибизге эң жок дегенде көп кабаттуу үйлөрдү салалы. Бир киши батчу жерге он кишини батыралы. Бизден кийин да урпактарыбызга жашоо бар экенин унутпайлы.
Альтернативдүү сунуш боюнча сурооңузга, мен дайыма "үйү снос" болуп жаткан жарандарыбызды талаада калтырбагыла, МИКтен кезексиз үй бергиле деп мэрлерге айтып жатам. Эгер чындап эле үйү "снос" болуп жаткан жарандарыбыздын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, МИКтен үй беребиз.
Эгер мен жогоруда айткандай эптеп эле жерге ээ болуп калайын дегендер болсо, алар деле тез эле аныкталып калат.
Алардын бетин ачабыз. Өлкөбүздө тартип болуш керек. Тартип болбогон өлкө өнүкпөйт. Андай өлкөдө башаламандык боло берет.
Ошто суу каналынын үстүнө үй салып алышыптыр. Суунун шлюзун көтөрүп-түшүрүш үчүн кимдир бирөөнүн үйүнө кирип үйүнүн ичинен иштешиң керек экен. Бул эмне деген акмакчылык? Мындай көрүнүш бир дагы башка өлкөдө болбосо керек.
- Мыйзамсыз курулуш тууралуу сөз болгондо Бишкектеги Ата-Түрк багындагы үйлөрдү эстегендер, Көк-Жар конушу менен салыштыргандар болууда. Мэр Айбек Жунушалиев паркта үй салгандардан 500 млн сом чогултуларын, калаа бийлиги алар менен бир пикирге келишкенин айтты. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?
- Эч кандай кош стандарттуулук эмес. Ата-Түрк паркына да 2005-жылы үй куруп алышкан. Биз алардын баарын жазында Ынтымак-Ордого чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр "снос" болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 млн сомдун тегерегинде акча жумшалат экен. Алар бүгүнкү күндө 100 млн сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты. Кудай буюрса, ал жер эң жогорку деңгээлдеги парк болуп жасалат. Ал паркты ошол тегеректе жашаган карапайым элибиз эле бала-чакасы менен колдонушат.
- Тышкы саясий маселеге байланыштуу бир суроо, азыр Россияда жүргөн молдовалык саясатчы Илон Шорду Кыргызстанга байланыштырган, тагыраагы өлкөбүз аркылуу Россияга кирген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүдө деп айыптаган материалдар батыш медиаларында маал-маалы менен чыгып калууда. Ушундай шартта Илон Шор түзүп, ар кыл гуманитардык долбоорлорду ишке ашырган "Евразия" фондунун Кыргызстанга жардам берүүсү биз үчүн тобокелдик туудурбайбы?
- Биринчиден, биз жактан Россияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факты жок. Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Россияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Россия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет.
Экинчиден, биздин өлкөгө Илон Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок.
Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт.
Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп бир кесебиз.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев