Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары катышты. Кеңейтилген курамдагы жыйында жалпы 20 маселе талкууланды. Анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган товарлардын бажы наркын көзөмөлдөө, ошондой эле 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары боюнча сөз болду.
Экономикалык бирдиктуу аянтта курамга мүчө беш мамлекеттин Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия, Армениянын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты. Анда азыркы шартта орчундуу болгон 20 маселе каралды. Арасында өлкөлөр аралык транспорттук саясатты ишке ашыруу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясы боюнча маселелер бар.
Жыйын сонунда бир катар маанилуу багыттар боюнча келишимге кол коюулуп, аны ишке ашыруу жолдору айтылды. Андан сон Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев журналисттерге билдируу жасап, жыйында айтылган отчеттор тууралуу кабарлады. Аны менен катар ишке ашыра турган пландар жана биргелешкен долбоорлор тууралуу да жалпы маалымат берди.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду.
Тизме:
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2025-жылдын 14-январындагы № 6 «Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын товарлардын классификациясы боюнча кабыл алынган алдын ала чечимдеринин жыйнагын түзүү» жалпы процессин ишке ашыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомун жокко чыгаруу тууралуу» буйругу;
- «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын жалпы биржалык (уюшкан) рыногунда биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитүү тууралуу» чечим;
- «2024-жылга карата Евразия экономикалык комиссиясынын трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда жалпы атаандаштык эрежелерин бузууну болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жылдык отчету жөнүндө» тескеме;
- «2024-2026-жылдарга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин макулдашылган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына («Жол картасы») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» тескеме;
- «2024-жылга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын которуу жана бөлүштүрүү жөнүндө» тескеме;
- «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары каражаттарынын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» тескеме;
- «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» тескеме;
- «Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» тескеме;
- «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» тескеме;
- «Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө тескеме.