Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды
Новость

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды.  Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары алгач тар курамдагы жыйынга чогулду. 

Жыйындын башталышынын алдында делегация башчылары биргелешип сүрөткө түштү. 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жыйындын катышуучуларын жылуу тосуп алып, кезектеги жыйындын алкагында кабыл алынган чечимдер Союздун алкагындагы интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, экономиканын өсүшүн жана калктын жыргалчылыгын жогорулатаарына ишеним билдирди.

Кеңейтилген курамдагы ЕӨАКнын жыйыны 15-августта өткөнү жатат.

14-15-августта өтүүчү ЕӨАКнын жыйынынын күн тартибине жалпысынан 20 маселе киргизилген.