Студенттерден куралган демилгечи топ Кыргызстандагы эң чоң калпакты жасоону колго алган. Саамалык - улуу баалуулуктарды даңктоо жана урматтоо максатын көздөйт.
Ак калпак күнүн утурлай жасалып жаткан улуттук баш кийимге 5-март күнү шаар тургундары жана меймандары күбө болот.
Бийиктиги 3 метр болгон бул калпак Борбор Азиядагы эң көлөмдүү улуттук баш кийим катары тарых барактарына жазылып калмакчы.
MEDIA1RIGHT MEDIA2LEFT
Демилгечилер кыргыз кийимин Гиннес рекорддор китебине киргизүүнү да көздөп жатат. Бирок, бул үчүн калпак табигый кийизден жасалып, өтө кооз- шөкөттөлүп жасалгаланышы керек.
Ага карабай студенттер кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңктоо үчүн талыкпай аракеттенебиз деген аруу тилектери билдирди. Калпак таржымалы тууралуу кененирээк Жайнагүл Тазабекованын сюжетинде: