Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган Асылбек Женишбек бүгүн район активине тааныштырылды.
Жаңы акимди район активине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Кечээ 14-августта Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, буга чейин аталган райондо аким болуп келген Канымет Осмонбеков бул кызматтан бошотулуп, анын ордуна Асылбек Жеңишбек дайындалган.
Асылбек Жеңишбек 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал буга чейин: Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде, Энергетика жана өнөр жай, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрликтериндеги жооптуу кызматтарда иштеген.
Бул тууралуу бүгүн Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.