Кыргыз аялдарынын коомдогу орду
Новость KTRK/videograp

Тарых жана маданият жылына карата кыргыз аялдарынын коомдогу орду тууралуу эл аралык конференция өттү. Анда айымдардын тарых жана маданиятка кошкон салымын коомдук ишмерлер менен билим берүү тармагындагы адистер талкуулашты. 

Иш-чарада кыргыз айымдарынын коомдогу орду тууралуу 100гө жакын баяндамалар окулду. Ошондой эле гендердик теңчилик тууралуу да пикирлер айтылды. Катышуучулар - гендердик теңчилик деп, кыргыз аялдарына таандык нарк-насилди жоготуп алуу коркунучу бар экенин да белгилешти.