«Элдин көзөмөлү» коомдук бирикмеси түзүлдү
Новость http://krg.rus4all.ru/

 «Элдин көзөмөлү» коомдук бирикмеси түзүлдү. Бүгүн анын бет ачары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.  Бирикме 2015-жылдын 10-декабрында  Юстиция министрлигинен расмий түрдө каттоодон өткөн. Коомдук бирикменин максаты - мыйзамдуулуктун сакталышына, бийлик органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигине жана ачыктыгына көзөмөл жүргүзүү.

«Элдин көзөмөлү» коомдук бирикмеси   өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тыгыз кызматташууга чакырды. Бүгүнкү күндө бирикменин мүчөлөрү 7000ден ашканын уюштуруучулар белгилешти. Бирикме мурунку союз маалындагы «Элдик көзөмөл» институтунун айрым натыйжалуу жана пайдалуу жактарынан колдонууга алат.