Өкмөт спортчуларга шарт түзүп берет
Новость

Өкмөт тараптан спортчуларга тийиштүү шарт түзүү үчүн бардык аракеттер жумшалат. Бул туурасында премьер-министри Темир Сариев тийиштүү мамлекеттик ведомство жетекчилери менен өткөн иштиктүү кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Сариев - өкмөттүн келечектүү милдеттеринин бири катары спорттук базаларды куруу, машыктыруучулар курамынын маселесин чечүү, спорттук резервди даярдоо, массалык спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу керек экенин баса белгиледи.

POST1RIGHT Жыйын жүрүшүндө Кыргызстандын Улуттук курама командаларын даярдоо борборунун эскиздик долбоору да көрсөтүлдү. Анда айтылгандай, долбоорго ылайык Улуттук даярдоо борборунун аймагында трибунасы менен футболдук талаа, медициналык борбор, кичи футболдук аянттар, ар-кыл спорттун түрү боюнча машыгуу залдары иш алып барат.