Олимпиада: спорт чеберлердин формасын тигүүгө сынак жарыяланды
Новость internet

Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги Улуттук олимпиада комитети менен биргеликте 2016-жылда Бразилияда боло турган олимпиада оюндарынын жана паралимпиаданын салтанаттуу ачылышында өлкөнү тааныштыра турган делегацияга мыкты форма тигүү үчүн ата-мекендик тигүүчүлөр жана дизайнерлер арасында сынак жарыялады. 

POST1RIGHT

Маалымдалгандай, форма - баш кийимди жана түрдүү аксессуарларды камтыган комплектиден турушу керек. 


Маани бере турган нерсе бул кийим кыргыздын улуттук колоритинде жасалышы зарыл. Сунуштар 15-мартка чейин кабыл алынат. Жыйынтыгында эң мыкты делген үч эскиз тандалып алынып, уюштуруу комитетине сунушталат дагы, алар акыркы чечимди чыгарат. 

Олимпиада оюндарынын ачылышы бүткүл дүйнө жүзүн камтыган ири иш-чара. Кыргызстан анда параддык кийим боюнча алдынкы орундарды алышын каалайбыз, деп билдирет уюштуруучулар. Сынактын жеңүүчүлөрү 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык уткандан тышкары кийим тигүү боюнча келишим түзүү укугуна ээ болот.