Үлүш жер ээлери үчүн социалдык камсыздандыруу тарифтеринин көтөрүлүшү элеттиктерди бир топ эле бушайманга салды. Дыйкандардын айтымында камсыздандыруу боюнча жаңы тариф - аларга өтө эле оор келүүдө.
Бул жумада президент социалдык фондун төрагасын кабыл алып, нааразычылыктарды жараткан мыйзамды кайра иштеп чыгуу керектигин айтты. Өлкө башчы - учурдагы система дыйкандардын жагдайларын толук эске албагандыгын билдирди. Маселен, анча чоң эмес үлүш жер ээлери менен ири жерлерге ээлик кылгандардын айырмасына көңүл бурулбай калган.
Президент өкмөткө, социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгууну, төлөмдөрдү чогултуунун адилеттүү бөлүштүрүлүшүн тапшырды.
Өз кезегинде өкмөт тарифтерди тез аранын ичинде кайра карап чыгып, тийешелүү мыйзам долбоорун ЖКке сунуш кылат. Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалык Абулгазиев бул боюнча атайын комиссия түзүлөрүн билдирди. Ага көз карандысыз эксперттер, экономисттер, профилдик мекемелердин өкүлдөрү, аймактардан жана жарандык активисттер кошулат. Ошондой эле соц.фонд төрагасы мекеме үч ай бою анализ жүргүзгөндүгүн кошумчалады. Бул аралыкта жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшкөн, булар жаны мыйзам долбоорун жазууда эске алынат. Айжан Омолдошеванын материалында: