Эртең Бишкекте мас-рестлинг, кыргызча айтканда таяк тартыш боюнча ачык чемпионат болот. Ага чет элдик спортчулардын да катышуусу күтүлүүдө.
Мелдеш айымдар жана мырзалар арасында өтөт. Мындай маалыматты мас-рестлинг боюнча эл аралык федерациянын башкы катчысы Иннокентий Григорьев билдирди.
MEDIA1RIGHT
Анын айтымында, буга чейин мас-рестлинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта жана эл аралык мелдештерде кыргыз спортчулары жакшы жыйынтык көрсөтүп, алдыңкы орундарды алган.
Машыктыруучулардын айтымында, таяк тартыш менен бардык жаш курактагы адамдар машыкса болот. Муну үйрөнүү жеңил, бирок мелдеш учурунда тең салмактуулукту сактай билип, ыкмаларды туура колдонуу шарт. Болбосо, кол чыгып же буттардын тарамыштары үзүлүп кетиши мүмкүн. Эскерте кетсек, эртең болчу ачык чемпионатка кыздар дагы катыша алат.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт.