Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданды реконструкциялоо 15-августта бүткөрүлөт. Бул тууралуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.
Анын айтуусунда, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүүчү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы 7 миң адам батуучу ат майдан реконструкцияланып, 10 миң орунга ылайыкташтырылып кайра курулат.
MEDIA1RIGHT
Ошондой эле, эл аралык мелдеш башталган учурда унаалардын тыгынын болтурбоо үчүн ат майдандын биринчи кабаты 1235 жеңил унаа, 26 автобус бата турган токтотуучу жай болот.
Ал эми экинчи кабатта калыстар отуруучу VIP кабиналар курулат. Сынак комиссиянын жыйынтыгы менен объектинин башкы демөөрчүсү болуп “Грант-проект” жоопкерчилиги чектелген коому, башкы көмөктөш уюм болуп “Азат” корпорациясы тандалып алынды.