Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлердин документтери кабыл алына башталды
Новость photo: KTRK

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлердин документтери 19-февралга чейин кабыл алынат. Бул туурасында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады. 

POST1RIGHT

Шаар башчылыкка талапкерлер өздүк баракчасын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку билимин тастыктаган дипломун жана соттолбогондугу туурасында ИИМдин маалымдама кагазын 19-февраль күнү кечки саат алтыга чейин аймактык шайлоо комиссиясына тапшырып, катталуусу шарт. Алынган маалыматтар боюнча азыркы учурга чейин бир дагы талапкер арыз берген эмес. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов үй-бүлөлук шартына байланыштуу жумуштан бошотуу өтүнүнүчүн 9-февраль күнү берген. Бишкек шаар башчысын шайлоо 27-февралга белгиленди.