Алмазбек Атамбаев авиакырсыктан каза болгондордун туугандары менен жолукту
Новость Султан Досалиев

Бүгүн, Алмазбек Атамбаев Дача СУ конушунда авиакырсыктан каза болгондордун  жакындары менен жолукту. 

Эске салсак, 16-январда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ конушуна  "Боинг 747"  учагы кулап, 20дан ашык турак-үй талкаланып,  экипаждын мүчөлөрүн кошкондо жалпы 39 адам каза болгон.

 Алардын арасында  2 үй-бүлө толугу менен учак кырсыгынын курмандыктары болушса, калгандары наристелеринен, бир туугандарынан айрылышкан. 

Учурда авиакырсыктын себептери Эл аралык комиссиянын текшерүүсүндө жүрүп жатат.


Сүрөт: Султан Досалиев