Оозго алгыс уят сөздөр менен тилдөө, коомдук жайларда ичимдик ичүү жана балдарды кайыр суроого үндөгөндөр 10 миң сомго чейинки айыпка тартылат. Мындай шартты бекемдеген административдик кодекске Президент кол койду. Документке толуктоолор Жогорку Кеңеш тарабынан былтыркы жылдын декабрь айында киргизилген.
POST1RIGHT Коомдук жайларда мас абалда мушташ чыгаруу азыр кадимки эле көрүнүш болуп калды. Ай сайын айрым учурда жума сайын деле социалдык тармактарга мас болгондордун чатакташкандары жарыяланып турат. Акыркы учурда мас кыздардын ыксыз жоруктары жарыяланып, алар социалдык тармактын “жылдыздарына” айлангандай.
Майда бейбаштык, же коомдук жайларда уят сөздөр менен тилденүү, жарандарга мазактап тийишүү, коомдук тартипти бузуп, жарандардын тынчын алуу көрүнүштөрүнө баргандар 1,5 миң сом айыпка жыгылат, 8 саат коомдук жумуштарга тартылат же 5 суткага административдик камакка алынат. Жашы жете электер тарабынан майда бейбаштык жасалса ата-энелерине же аларга жооптуу адамга 1миң сомго чейин айып салынат.
Коомдук жайларда спирт ичимдигин ичүү, коомдук транспорттун баардык түрлөрүндө жана көрсөтүлгөн жайларда мас же наркотикалык жана психотроптук каражаттарды колдонгон абалда жүрүү, коомдук адеп-ахлакты сактабай адамдын ар-намысына шек келтирүүгө баргандай миң сомго чейин айыпка жыгылат же 8 саат коомду жумуштарга тартылат. Эгер бир жыл ичинде мыйзам бузуу дагы кайталанса 3 миң сом айып салынат же 8 саат коомдук жумуштарга тартылат.
Ошону менен бирге жумуш ордунда, ишкананын аймагында же жайларында ичимдик ичүүгө тыюу салынат. Иш учурунда мас абалында жүрүү же жумиушка келүү да миң сомго чейинки айып менен жазаланат.
Эгер жашы жете электер коомдук жайларда ичимдик ичип мас же наркотикалык жана психотроптук каражаттарды колдонгон абалында жүрсө ата-энелерине же балага жооптуу адамга 2 миң сомго чейин айып салынат. Жашы жете элек балдарды кайыр суроого, ичимдик ичүүгө жана наркотикалык каражаттарды колдонууга үндөгөндөр 5 миңден 10 миң сомго чейинки айыпка жыгылат жана 8 сааттык коомдук ишке тартылат.