Апаларыбыздын жүзүн көрккө бөлөгөн, айымдардын мойнун кооздукка орогон жоолуктарды, Француз мода үйү кыргыз улуттук колоритинде чыгарууда.
“Appaloosa des Steppes” деген ат менен белгилүү болуп жаткан жоолуктар 100% жибектен жасалган. Алар ак, кара жана көк түстүү.
Hermеs International S.A.– француз мода үйү, ал 1837-жылы ат жана атчандар үчүн кийим-кече, буюм-тайымдарды даярдоо боюнча устакана катары негизделген. Кийинчээрек кийим-кече, атыр жана ар түрдүү жасалгалуу буюмдарды чыгара баштаган.
Болжол менен 1950-жылдардан бери “Hermеs” компаниясынын логотиби катары токулган ат эсептелинет.