Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү сунушталды
Новость Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты. Жалал-Абад шаары, 31-август, 2025-жыл.

3-сентябрда кезексиз жыйынга чогулган Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калаанын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча шаар бийлигинин сунушун карап, аны бир добуштан колдоп берди. Мындай сунушту шаар мэри Эрнисбек Ормоков берген.

 Эми шаардык кеңештин чечиминин негизинде мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңешке сунушталат. Азырынча бул демилге эмнеден улам козголгону, же ага себеп болгон жагдайлар айтыла элек. 

 Жалал-Абад шаары 1870-жылы чакан айыл катары негизделип, кийинчерээк шаарга айланган. 1991-жылы Жалал-Абад облусу түзүлгөндө облус борбору болуп калган. Азыр чоңдугу боюнча Кыргызстандагы үчүнчү шаар. 

Акыркы жылдарда шаарга өзгөчө көңүл бурулуп, бир канча жаңы имараттар, социалдык объектилер салынууда жана ички жолдору оңдолууда.

 Быйыл 31-августта шаарда облустук бийликтин жаңы имараты чоң салтанат менен ачылып, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.