«Талас келечек балдары» фондунун демилгеси менен Талас шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды. Борбордун пайдубалына капсула салуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
Жаңы борбор кайрымдуу адамдардын жардамы менен салынат. Колдоо катары Талас шаарынын мэриясы тарабынан 7 сотых жер тилкеси берилген. Борбордун курулушуна жалпы 13 млн. сомго жакын каражат керектелет.
Реабилитациялык борбордо невролог, дефектолог, эмоционалдык колдоо жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине дагы кеӊештер берилет.
Талас облусунда 3800 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар каттоодо турат.