«Стартап-Нация» хакатону 5 жылдык юбилейин кеңейтилген форматта белгилейт
Новость

Быйыл 18-августта «Стартап-Нация» хакатону өзүнүн беш жылдык юбилейин белгилеп, бир жумага созулган инновациялык иш-чара өткөрөт. Бул Кыргызстандагы инновациялар жана IT экосистемасында эң күткөн аянтчалардын бири болуп калды.

Хакатонго креативдүү командалар жана салттуу бизнес өкүлдөрү катышып, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу бизнес-процесстерди оптималдаштырууну үйрөнүшөт.

Өткөн беш жыл ичинде «Стартап-Нация» Кыргызстандан тышкары да жаштарга IT дүйнөсүнө кирүүгө, идеяларын сынап көрүүгө жана ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү берди.

Жумалык Startup Nation WEEK интенсивдүү форматта өтүп, катышуучулар бир жуманын ичинде идеяларын прототипке айлантышат. Уюштуруучулар быйылкы программа мурдагы жылдарга салыштырмалуу алда канча кеңейтилгенин белгилешти: жаңы менторлор, ар тармактагы адистер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр күтүлүүдө.

50гө жакын IT жана бизнес менторлору жаш командаларга стартап түзүү жолунда акысыз коштоо көрсөтүшөт. Бул – кесиптик нетворкингди өнүктүрүп, инновациялык чечимдерди табуу үчүн чоң аянтча.

7 күндүн программасы:

·       Эл аралык жана жергиликтүү AI-эксперттерден онлайн-сессиялар

·       Менторлор менен түз баарлашуу

·       Midjourney, ChatGPT, Notion AI сыяктуу алдыңкы инструменттерге жеткилик

·       Команда топтоо жана MVP жаратуу

·       Demo Dayде пичинг

Катышуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөр:

·       Мастер-класстар жана консультациялар

·       Ишкерлер жана медиа менен нетворкинг

·       Байге фондун утуп алуу

·       Prosperity Cup инкубациясына өтүү

·       АКШга сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгү

Катышуу акысыз, катталуу 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Датасы: 22–28-сентябрь

Дареги: АУЦА, Бишкек

Хакатондун уюштуруучулары – «Стартап-Нация», CODIFY компаниялар тобу, Кыргызстандагы №1 бизнес-акселератор Accelerate Prosperity (AP), стартаптар үчүн виртуалдык платформа Virtual Accelerate. Бул хакатон Борбор Азиянын Жашыл инклюзивдүү Өнүгүүсү боюнча Улуу Британиянын Программасы колдоосу менен ишке ашты. Программа Улуу Британиянын өкмөтү жана Ага Хан фонду тарабынан биргелешип каржыланган. 

Хакатондун расмий өнөктөшү – Кыргызстандагы Жогорку Технологиялар Паркы. 

Медиа өнөктөштөрү: Namba One, АУЦА, Prisma Media.