Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Тергөөдө такталгандай, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри 55 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу жөнүндө токтомдорго кол койгон. Ушул токтомдордун негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актыларды берген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү («Коррупция») боюнча айыпталган.
Ош шаардык соту И.М.А.га карата 2025-жылдын 31-августуна чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
Учурда УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди улантууда.