ОСАГО полисин алуу — Чүй облусунда 24 саат бою жеткиликтүү
1-июлдан тарта милдеттүү камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштайт. Жеке жактар үчүн айып пул 3 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.
Чүй облусунун аймагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төмөнкү пункттарында полисти күнү-түнү, 24 саат бою алуу мүмкүн:
•Чүй филиалы (Бишкек ш., Абай көч., №40)
•“Ак-Жол” чек ара көзөмөл өткөрмө пункту
•“Ак-Тилек” өткөрүү жана текшерүү бекети.
ОСАГО полисинин базалык баасы жылына 1680 сомдон башталат. Акыркы сумма автоунаанын техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана айдоочунун тажрыйбасына жараша өзгөрөт.
Чүй облусунда 257 миңден ашык автоунаа катталган. Бирок ушул жылдын башынан бери алардын 25 миңден ашыгы гана камсыздандырылган. ОСАГО боюнча 31 учур катталып, 9 автоунаага 886 миң сомдон ашык компенсация төлөндү.
ОСАГО полиси — бул мыйзамдын талабы гана эмес, күтүлбөгөн чыгымдардан коргонуу чарасы. Полисти камсыздандыруу кеңселеринен, мобилдик тиркеме же расмий сайт аркылуу да оңой алуу мүмкүн. Айып пул төлөө мөөнөтү эртеңден тарта күчүнө кирет. Убакыт өтө аз калды — кечикпей полис алыңыз!