Эртең, 1-июлдан тарта Кыргызстанда электрондук тамекини колдонууга жана сатууга тыюу салынат.
Былтыр Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат. Ал эми аны саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган.
Электрондук тамекини олутуу өлчөмдө ташып келгендер эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат, же бир жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 100–120 миң сом айыпка жыгылат.
Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун үчүн 150–200 миң сомго чейин айып салынат, же эки жылга чейин белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыроо менен 1-2 жылга эркинен да ажыратылат.