Жаңылыктар
Такыр-Төрдөн чыккан суунун агымы азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Такыр-Төрдөн чыккан суунун агымы азайды

Чүй облусуна караштуу Такыр-Төр көлү жырылганда Ысык-Ата районунун айылдарын каптоо коркунучу бар болчу. Бирок алдын ала кам көрүлгөндүктөн турак-жай, мал-жан аман эсен калды. 

Төмөнкү-Серафимовка айылын буга чейин бир нече жолу суу каптаган эле. Ошондуктан айыл эли мындай табигат кырсыгынан коркуп калышкан. Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери кабар берээр замат дароо айыл эли башака жакка чыгып кетишкен. Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери Норус курулмасын күнү-түнү карашып, кезек менен нөөмөттө болушууда. Техникалар да тартылып, суунун агымындагы тоскоолдуктарды тазалоодо.

Көрүлгөн иш-чаралардын негизинде сел нуктан чыкпай агып кетүүсү камсыздалды. Учурда суу чарба кызматкерлери тарабынан курулмаларга жана каналдарга келтирилген зыяндар такталууда.