УКМК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө 2025-жылдын 27-июнунда "Опузалап пара талап кылуу" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда алынган 35 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Т.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган.
Бирок Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.