Ысык-Атада Такыр-Төр көлү ташыганына байланыштуу 950 адам эвакуацияланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, саат 19:40ка карата эвакуацияланган адамдардын саны:
- Алмалуу айылынан 420 адам;
- Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүнөн 290 адам;
- Кебек-Бий (Тоолуу-Серафимовка айылы) айылынан 240 адам.
Жалпысынан эвакуацияланган 950 адам Нооруз айылындагы убактылуу жайларга (мектеп, мечит) жайгаштырылды.