Жаңылыктар
Бир жарандан 500 миң сом опузалаган УКМКнын жалган кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бир жарандан 500 миң сом опузалаган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

УКМКнын жалган кызматкери кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тийиштүү иш-чаралардын алкагында жасалма кызматтык күбөлүктү колдонуп, системалуу түрдө УКМК кызматкеримин деп өзүн тааныштырып, укукка каршы жосундарды жасап жаткан КР жараны А.М.М. аныкталды.

 Ошону менен бирге УКМКнын дарегине Н.А.М. аттуу КР жараны арыз менен кайрылып, ар кандай шылтоолор менен А.М.М. 500 миң сом акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген.

 Ошентип, 2025-жылдын 23-июнунда кайрадан эле жасалма документти колдонуп, өзүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн А.М.М. аттуу жаран пара менен кармалып, өздүк тинтүү учурунда андан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөтү бар жасалма документи алынган.

 Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен А.М.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

 Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.