Жаңылыктар
Баткенде чек арачы 30 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде чек арачы 30 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды

УКМК Лейлектеги «Максат» чек ара заставасынын аскер кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

2025-жылдын 24-июнунда УКМК тарабынан Аскер кызматчыларынын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (пара алуу) козголгон кылмыш ишинин негизинде, Баткен облусундагы Лейлек районунун Эски-Оочу айылында 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда УКМКнын Чек ара кызматынын “Максат” чек ара заставасынын 2021 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери А.М.А. кармалды.

 Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мүмкүн болгон контрабандалык жүктөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн түзүлгөн посттор аркылуу Тажикстан багыты боюнча контрабандалык жүктөрдү системалуу түрдө өткөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.

 Тергөө иштери жүрүп жатат.