Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Нурбек Сатаров Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Нурбек Сатаров 2023-жылы өлкө башчынын аталган облустагы өкүлүнүн орун басары кызматына дайындалып, бир жылдай иштеген. 41 жашта. Нарындын Ат-Башы районундагы Казыбек айылында туулган.