УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунун судьясы А.Г.А. тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", ошондой эле "Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу" фактысы аныкталды.
Ноокат РИИБ тарабынан 707 гр. салмактагы баңги заттарды (гашиш) сатуу учурунда Н.И. кармалгандыгы аныкталган. Н.И.нин жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 2 кг. (гашиш) баңги заты табылып, жалпы салмагы 2,7 кг баңги заты алынган. Н.И.ни тинтүү учурунда таңгакталган жана электрондук таразадагы баңгизаттар табылган, бул аларды сатуу ниетинен кабар берет.
Бирок судья А.Г.А. соттук чечим чыгарууда КЖКнын 282-беренесин (сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) КЖКнын 283-беренесине (сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) кайра квалификациялаган. Кылмыш ишинде жетиштүү далилдерге карабастан, судья атайылап сот актысын чыгарган жана соттолуучуга карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү менен пробациялык көзөмөл колдонгон.
Ошол эле учурда айыпталуучу Н.И. качуу үчүн ыңгайлуу шарттардан пайдаланып, мамлекеттик чек араны кесип өтүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судья А.Г.А.ны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
2025-жылдын 21-июнунда А.Г.А.га карата жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 352-беренесинин 1-бөлүгү (атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу) боюнча айып тагылып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин А.Г.А.нын оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чарасы тандалган.
Маалымат үчүн: Өкмөттүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 «Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө» токтомуна ылайык 90 граммдан ашкан гашиш өзгөчө ири өлчөмдө деп эсептелет.