Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды
УКМКга Юсупов Абдулла аттуу жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу ыкчам маалыматтар келип түшкөн. Ага ылайык, буга чейин мародерчулук, талап-тоноо, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон, 1982-жылы туулган КР жараны Юсупов Абдулла өзүнүн мыйзамсыз иштерин ишке ашыруу үчүн, Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, Сузак районунун бай жарандарынын ишенимине кирүү аркылуу аларга тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, үчүнчү жактарга кайра сатып жүргөн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында маалым болгондой, Юсупов Абдулла УКМК тарабынан боло турган текшерүү-тинтүүлөрдү жолотпоо үчүн кепилдикти убадалап, ири жер тилке ээлерин, жерлерин тез аранын ичинде өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлап, кайра ошол жерлерди базар баасында үчүнчү жактарга сатып жиберип, сатуудан тушкөн акчаларды өз кызыкчылыгына иштеткен.
Быйылкы жылдын 24-июнунда Юсупов Абдулла жана анын шериктери – Х.З.А. жана Т.М.Ф. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Юсупов Абдулланын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаты, ошондой эле жарандардын жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери табылып, алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК Абдулла Юсуповдун алдамчылык схемасынын курмандыгы болгон, жабыр тарткан жарандар болсо УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын ишеним телефонуна (WhatsApp – 0995 012210) чалууну өтүнөт.