Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы 2025-жылдын 24-июнунан тартып, автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча жарандарды күн-түн, 24/7 режиминде, эс алуу жана майрам күндөрүнө карабай үзгүлтүксүз кабыл алат.
Эми шаар тургундары Москва көчөсү 71 дарегиндеги кеңсеге ишемби, жекшемби күндөрү дагы келип, ОСАГО полисин оңой ала алышат. Бул калктын өсүп жаткан муктаждыгына жана мыйзам талаптарына ылайык ишке ашырылууда.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-июлунан тартып, камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 3000 сом айып пул салына баштайт.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарды мыйзам талаптарына ылайык, алдын ала камсыздандыруу полисин алып, өзүн жана башкаларды коргоого чакырат.