Жаңылыктар
Нарында селден 45 турак үй жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында селден 45 турак үй жабыркады

22-июнь күнү Нарын шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ак-Коргон жана Интернат аймактарында 45 турак жай жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, селдин айынан короолорду суу каптап, бир катар үйлөрдүн дубалдары кыйрады. Анын ичинен эки үйгө суу түз кирген. Жабыркаган үйлөрдүн 14ү камсыздандырылган.

Сел жүргөн аймакка Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 30 куткаруучусу тартылып, турак жайлар мотопомпанын жардамы менен суудан тазаланды.

Учурда жарандык коргонуу кызматтары тарабынан зыян тарткан үйлөр такталып, алардын ээлеринин социалдык абалдары жана келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө. Ошондой эле, селге себеп болгон факторлордун бири катары каралган суу өткөрүүчү каналдарга жолтоо болгон мыйзамсыз курулуштар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Тийиштүү кызматтар коопсуздукту камсыздоо максатында алдын алуу иштерин улантууда.