28–29-июнь күндөрү Ат-Башынын Сары-Тал жайлоосу кыргыздын кол өнөрчүлүгүн, улуттук даамын жана салттуу спортун камтыган ири иш-чараларга күбө болот.
Бул күндөрү “Кыргыз шырдагы” жана “Кыргыз даамы” фестивалдары менен катар “Хан Кошой” аталышындагы эл аралык мелдеш да өтөт.
Фестивалдын алкагында шырдак, ала кийиз сыяктуу кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, улуттук даамдардын жарманкеси уюштурулуп, айыл өкмөттөр арасында улуттук тамак-аш сынагы өтөт. Мындан сырткары кыргыз күрөшү боюнча мелдеш да пландалган.
Иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоо, эл аралык маданий байланыштарды бекемдөө, туризмди өнүктүрүү жана көчмөндөрдүн бай мурасын таанытуу максатын көздөйт.