Жаңылыктар
Нарында селден коргоо үчүн 4 жаңы тосуучу жай курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында селден коргоо үчүн 4 жаңы тосуучу жай курулууда

Нарын шаарындагы РСТ аймагында жайгашкан Мазар булак жана Чыгыш булак коктуларында селден коргоочу төрт жаңы жайдын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын” алкагында жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 19 миллион сомду түзгөн долбоорду ишке ашыруу аркылуу сел коркунучун алдын алуу, ошондой эле сел агымдарынын күчүн азайтуу максаты көздөлүүдө.

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, учурда Нарын шаарында сел түшүү коркунучу бар 82 кокту, 17 жээк эрозиясы катталган. Ошондой эле таш кулоо кооптуулугу жогору болгон 12 аймак бар. Бул кооптуу зоналарды эске алуу менен, коргоо инфраструктурасын куруу шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Жергиликтүү бийлик курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, кооптуу аймактардагы жашоочулардын жашоо сапаты жогорулайт деп күтүп жатат.