Жаңылыктар
Баткендик ишкер 66 гектар жерди тамчылатып сугарып, мөмө бак отургузду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткендик ишкер 66  гектар жерди тамчылатып сугарып, мөмө бак отургузду

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жашаган ишкер Бакыт Исаев айыл чарбасын модернизациялоого салым кошуп, 66 гектар бош жаткан жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өздөштүрдү. Жер участогу айыл өкмөтү тарабынан ижарага берилген.

Ишкер 900 куб метрлик суу сактагычты куруп, алма, өрүк, жаңгак, шабдаалы, павлония, алмурут, бадам өңдүү 11 түрдүү мөмө-жемиш көчөттөрүн тигип, жалпысынан 50 миң түп бак отургузган. Бул демилге “Ассафа” коомдук фонду тарабынан да колдоого алынган.

Учурда бул багбанчылык чарбасында 5 туруктуу жумушчу иштейт.

Ал эми түшүм жыйноо маалында 20га чейин адам убактылуу жумушка тартылат. Өткөн жылы чарба 4–5 тонна түшүм алган. Быйыл болсо 20 тоннадан ашык түшүм жыйноо күтүлүүдө.

Бул долбоор айыл чарбасын заманбап жол менен өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуунун ийгиликтүү мисалы катары бааланууда.